Кыргыз өлкөсүнүн 2 спортчусу алтын медаль утуп, жиу-житсу боюнча Европанын чемпиондору аталышты. Мелдеш 3-4-февраль күндөрү Орусиянын Москва шаарында өтүп, жаш балдар, өспүрүмдөр жана чоңдордун ортосунда беттештер жүрдү. Кыргыз мамлекетинин атынан 7 спортчу мелдешке катышкан.
Сыя көк курдагы 85 килограмдык салмакка чейинкилер арасында Кыргыз мамлекетинин атынан Абдурахманхаджи Муртазалиев беттешке чыккан, финалдык беттеште орусиялык Симрал Тагиевди жеңип, Европанын 2018-жылдагы чемпиону аталды.
Ушул эле салмактык бөлүктө күрөң кур менен агасы Муртазали Муртазалиев мелдешке чыгып, финалдык кармашында дагы бир орусиялык Олег Руднев менен беттешип, мелдештин жеңүүчүсү болуп чыкты. Бул курдук бөлүктө Муртазалиев алгачкы жолу беттеш өткөргөн.