"Жакыныңызга акча керек" деп элди телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар колго түштү (аудио)

"Жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды" деп телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында, өткөн жыл аралыгында бир нече адамдарды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акчаларын алып жүргѳн жаран кармалган. Ал 1981-жылы Ноокат районунда туулган, мурда 9 жолу соттолгон Мухаметали Абдивапов болгон.

"Ал жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып 7 адамды телефон аркылуу алдап, акчаларын кылмыштуу шериги болгон аял киши аркылуу алып тургандыгы маалым болду. Милиция тарабынан анын жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылып, анын мурдагы жасаган (алдамчылык) кылмыштары боюнча ѳтѳп жаткан кылмыш мѳѳнѳтүнѳн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды. Жабырлануучулар аны үнүнѳн таанышты. Үн боюнча атайын экспертиза дагы алдап чалган үн Мухаметали Абдиваповго таандык экендиги тууралуу корутунду берген", - деп жазылат маалыматта.

Ишенчээк жарандар акчаны анын шериги болгон аял кишиге алып барып берип турушкандыгы жазылат маалыматта.

Телефон чалууга алданып акча бергендер:

1. Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1956-жылы туулган тургунуна (эркек) телефон чалып "Сиздин балаңыз машина менен бирѳѳнү сүзүп ѳлтүрүп алды, тез арада 70 миң сом акча Ош шаарынын Касымбеков кѳчѳсүнѳ алып келиңиз" деп алдап, жабырлануучудан 70 миң сом акча алышкан;

2. Ушундай эле жол менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1957-жылы туулган (аял) тургунунан 70 миң сом акчасын алдырткан;

3. Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургунуна (аял) телефон аркылуу чалып, "Мен сиздин балаңызмын, бирѳѳнү машина менен сүзүп алдым, кутулушум керек, тез аранын ичинде акча бериңиз" деп ыйлап, андан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. "Балаңызмын" деп ыйлаган балага эне ишенип алып, сураган акчасын айткан дарегине алып барып берген;

4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1966-жылы туулган тургунунан дагы "Мен балаңыздын досу болом. Балаңыз 6 жашар баланы машина менен сүзүп кетип, бала каза болуп калды. Туугандарына 100 миң берүү керек. Ооруканага алып келип бере койгула" деп, ал энеден 100 миң сом акча алдырткан.

ШИИБдин маалыматына ылайык, жабырлануучулардан жалпы алган акчасы 600 миң сомдун тегерегинде болгон. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнѳн бул кылмыштар жана башка дагы жасаган кылмышы боюнча тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды телефон чалып, алдагандардан сак болууга чакырат: Урматтуу мекендештер! Эгерде сизге белгисиз бирѳѳ телефон аркылуу жаман кабар угузуп, акча сураса - акча берүүгѳ ашыкпай туруп, маалыматты тактаңыздар. Акыркы мезгилдерде Ош шаарынын аймагында карапайым калктын ѳкүлдѳрүнѳ телефон аркылуу байланышып, жалган жерден "Сиздин жакыныңыз оор кырсыкка кабылды, тез арада акча бере коюңуз" деп жалбарып суранышып, ири суммадагы акчаларын алдап кетип жаткан учурлар катталып жатат. Бир нече ирет айрым адамдарды алдоо аракети дагы болгон. Мына ушуга байланыштуу, мындай чалуулар болсо, алдамчыга акча берүүгѳ ашыкпастан, айткан фактынын чын тѳгүнүн тактоону , ошол "жабыркады" деген адам менен байланышууну сунуштайбыз.

Телефон чалып элди алдап, акчасын алып жүргөн
Түрмөдө отурган кылмышкер телефон менен элди алдап акча алып келген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
jama9210
2018-02-07 23:07:01
Калпычы адамдардын оозу кыйшык болот деген чын окшобойбу
+1
Akyl78.1501
2018-02-07 23:23:56
Ун боюнча эксперттер депутаттардын унун окшоштура албай монтаж деп коёт. Мына кызык
+3
Bars111
2018-02-07 23:36:41
Бул адам сөзгө өтө чебер.Акчаны тили менен табат. Бирок бир кызык жери түрмөдө олтуруп алып жертвасынын ким менен жашайт,үйүндө канча акча бар экенин да билет. Маалыматты ага ким бериши мүмкүн?
+5
TalaCSKA
2018-02-07 23:41:01
Ушул типти тв кайгуулдан [moderated]тан коргом ошондо айтып жаткан алдаганымды токтотпойм деп олтуруп эле кутулбасанар кутулбайсынар алдай берем карапайым элдерди деп.ушул существого алданган байкуш энелерге боорун аяабай ооруйт да ыйлагын келет а бул тип болсо тили менен буудай куруп ошонун баарына милицияларды куноолоп алдаган менин онорум орго чаап жатам деп мактанат.вобщем бул адам эмес!
+2
33SUUN
2018-02-08 01:15:14
TalaCSKA,анда бул адам болбойт.Адам деген кылган куноосун,кемчилигин мойнуна алыш керек.
0
Kalemger
2018-02-07 23:54:45
Жазасын өтөп жаткандарга эмне себептен телефон беришет?! Ушул жагын дагы териштиргиле! Жатып алып ар кимди алдаган акмактарга андай укук берилбесин!
+2
raykray
2018-02-08 01:38:06
Кучу бар эркектер,уят
0
Pandora
2018-02-08 02:05:07
Мага да зв кылышкан бирок тв.плазма утуп алдын кантип алуу учун ушул ном 5мин ичинде акча салып кайрадан зв кыл дегенде менин 5сомум эле бар десем очуруп койгтн ошол болду жоголгон.Апамды эскертип койгон элем кийин апама д да зв кылганда урушуп салган
+1
ayana16
2018-02-08 02:37:07
Менин Атам алданган 10 минге
0
Beka9393
2018-02-08 03:47:46
Бул ХХХХ тааныйм Ноокаттын Кок-Жар деген айылынын 1-болумунон болот.
Зонадан башы чыкпай жата берип арыктап журбой калыптырго.
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-08 09:03:59
Менин авамы да 4000 мин сомго уктатып кетишкен. Чалыптыр ким бул десе мен куйо балан дешиптир. Авам да кызык аа Талант сенби деп алыптыр. Не болду десе? Мен авария болуп кеттим мага 4-мин керек десе 4000 мин банктан салыптыр. Тообо кылдым анан 5 муноттон кийин акча алдынбы десе жок телефон очук жок болуп кетишиптир. Эжеме чалып акча алдынарбы десе ата биз уйдоле жатабыз дептир.
0
Bobina
2018-02-08 12:52:42
Ужаас , кантип ишенишет.
0
Aikan1966
2018-02-08 13:12:31
Менда алдандым ,машинабызды аяш балам алып кеткен сурап эртеси бироонун уруп алдым болницада ага срочно 10000 керек деди,акча жок десем мейли бул жактан кутулдум машинага гаиге акча керек деди туштон кийин досуман 10000 сурасам 5000 бар экен алып гаиге барсак жок силерди корсо дагы айнып коп сурайт 5000 ге единица салын деп номер берди,Западныйда досум экообуз салып жатсак ал бала бир куну бироону алдаган силер да ошондой болбонуз деп калды анан ойлонуп озуно берем болбосо жок десем тел очту,
0
Pandora
2018-02-09 12:47:22
Aikan1966,
0
Aikan1966
2018-02-08 13:14:33
компаниядан акчамы алайын десем уже 2000 алып коюптур даже минута кетпей,досум экообуз ал баланы сен кылбадынбы десек жок деди,2000 ге эле тушуптурбуз го деп суйунуп чай ичип кетип калдык
0
admin_superstan
2018-02-08 13:21:11
Krai, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Aijamal9487
2018-02-08 16:10:35
Акча апкел десе эле апкеле бергени чатакго сураштырбайле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан