Казакстандын Караганда облусунда окуучу кыз селфи сүрөткө түшөм деп жатып арканга асынып калган. Бул тууралуу казакстандык жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 7-класстын окуучусу аркандан жасалган сыйыртмакка башын киргизип, селфи сүрөткө түшүп жатып кокусунан асынып калган.
"Караганда облусунун билим берүү башкармалыгынын билдиришинче, окуучу кыз өзүнүн мектебинде окуган окуучулар менен кат аркылуу жалгыздык, суицид тууралуу көп жазышкан. Ошол күнү 8-класстын окуучусу каза болгон кызга аркан менен селфи жасап көрүүнү сунуштаган.
Каза болгон кыздын ата-энесинин айтымында, кыздын телефондогу кат алышууларын окуганда өзүнүн курбусуна тамдын үстүнө чыгып, колуна сандарды жазып түшкөн сүрөттөрдү жөнөтүп турган. Кыз атайын асынгысы келген эмес, чөнтөгүнөн кайчы табылган. Бирок ал жипти кесип жиберүүгө үлгүрбөй калган.
Каза тапкан кыз муз үстүндө бийлөө боюнча спорттун чебери, мектепте ачык айрым, жакшы окуган окуучулардан болгон", - деп айтылат маалыматта.