Казарман-Актал-Чат унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-февраль күнү саат 23:40 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында көлөмү 900 метр куб, ал эми түнкү саат 03:40 чамасында 82-чакырымда 1800 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.
"Адам өмүрүнө зыян келген эмес. №18-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 4 жумушчу тартылып, саат 07:00дө унаа жол бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта.