"Консалт Трейд" ишканасынын 77 миллион сом бажы төлөмүн төлөбөгөнү аныкталды

"Консалт Трейд" ишканасынын 77 миллион сом бажы төлөмүн төлөбөгөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын ноябрь айында "Консалт Трейд" ишканасынын өкүлдөрү баасы 9 миллион доллардан ашкан "Model Ferromatik Milacron Maxima 350" инженердик жабдыгын бажы декларациясы боюнча каттоодон өткөрүшкөн. Бирок 77 миллион сом бажы төлөмүн төлөгөн эмес.

2018-жылдын 2-февраль күнү аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан