Ысык-Көлдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-февраль күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Михайловка айылындагы үйлөрдүн биринин жанынан 45-50 жаштардагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу маркумдун киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Каза болгон адам Каракол шаарынын тургуну, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген У.Д. экени белгилүү болду.
"Аталган факт боюнча Ак-Суу РИИБинин тергөө тобу "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бир жолу соттолгон 46 жаштагы Каракол шаарынын тургуну О.К. кармалды. Анын айтымында, спирт ичимдигин ичип отуруп чыр чыгып кетип катуу сабап койгон", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Учурда кармалган жаран Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.