Бүгүн, 8-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндары старт алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдештин алгачкы күнү спорттун кёрлинг жана трамплинден секирүү (лыжа менен бийиктиктен секирүү) түрлөрү боюнча мелдештер старт алды.
Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 9-февраль күнү болот. Ошол эле күнү спорттун фристайл, муз үстүндө бийлөө жана кёрлинг түрлөрү боюнча жарыштар башталат. Кыргыз желегин ачылуу аземинде Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат.
Эске салсак, кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-февралдан 25-февралга чейин өтөт. Анда 92 мамлекеттен, 2 жарым миңден ашуун спортчу 102 медалдар топтому үчүн күч сынашат.
Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 спортчу аттанган, алар Тариэл Жаркымбаев жана Евгений Тимофеев.
Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештин тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):