Түштүк Кореядагы Олимпиада оюндары өтчү жайда Кыргыз желеги салтанаттуу көтөрүлдү

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында олимпиада оюндары өтчү жайда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Иш-чарага Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөлөрү, машыктыруучулар жана спортчулар катышты. Эртең, 9-февралда XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи орун алат. Анда Кыргыз туусун Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат.

Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль аралыгында өтөт. Анда Кыргыз мамлекети 2 спортчу менен көрсөтүлөт. Тариэл Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Евгений Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынашат.
Буга чейин Түштүк Кореядагы мекендештер Кыргыз өлкөсүнөн барган Олимпиада оюнчуларын кызуу тосуп алышканы маалымдалган.

Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештин тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):

  • 13-февраль: Тариэл Жаркымбаев, лыжа менен жарышуу - 15:34;
  • 18-февраль: Евгений Тимофеев, гигант слалом - 13:15-15:15, 16:45-18:25;
  • 22-февраль: Евгений Тимофеев, слалом - 13:15-14:30, 16:45-18:25.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
erkinay.s
2018-02-08 11:40:04
Ийгилик
+1
TalaCSKA
2018-02-08 11:49:32
Кыргызстан, Казахстан, Россияга ийгилик.
+2
Putinputin
2018-02-08 11:50:24
Аззаматсынар и пасоль Кылыч Султан мырзагада ийгилик
+4
Ali-han
2018-02-08 11:58:43
Калпактары чоң эмеспи?
-2
Adiletia
2018-02-08 12:13:12
Ali-han,
чоң окшойт же баштары кичинекей)))
-1
abon
2018-02-08 16:39:10
Кыргызстан желеги бийиктей берсин!
+1
Adiko.saitov
2018-02-08 17:34:34
Алга кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан