Америкалык киносынчы "Оскар" сыйлыгын алгачкылардан болуп алган мыкты актрисалардын тизмесин жарыялап, алардын ичинен эң мыктысы ким экенин аныктоо үчүн интернет колдонуучуларынын добушуна койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кечээ, 7-февралда киносынчы Питер Брэдшоу тасмада экинчи пландагы ролду жаратып "Оскар" сыйлыгына ээ болгон 5 мыкты актрисанын тизмесин интернет колдонуучулардын сынына койгон. Ал тизмеден белгилүү актрисалар Хэтти Макдэниел, Глория Грэм, Клорис Ричмен, Рут Поппер, Тильда Суинтон орун алган.
Учурда добуш берүүнүн алкагында, тизменин сап башында эң биринчи "Оскар" сыйлыгына ээ болгон кара терилүү актриса Хэтти Макдэниел келе жатат. Ал сыйлыкты 1939-жылы жарык көргөн "Унесённые ветром" тасмасындагы ролу үчүн алган.