Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун төрт мүчөсү колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар 39 жаштагы И.Л., 41 жаштагы К.У., 55 жаштагы Д.Ш. жана 45 жаштагы К.У. аттуу жарандар болуп чыкты. Жашаган жерлерин текшерүү учурунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылып, экспертизага жөнөтүлгөн.
Айта кетсек, аталган уюм Кыргыз мамлекетинде иш жүргүзүүгө тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирет.