Абакта отуруп, "жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды" деп адамдарды телефон аркылуу алдап жүргөн жаран Ош шаарындагы тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мухаметали Абдивапов мурда бир нече жолу алдамчылык фактылары менен соттолгон. Аны акыркы жолу 2015-жылы Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын соту алдамчылык үчүн 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан 1-абакта жазасын өтөп жатканда Ошто ага байланыштуу жаңы фактылар ачылып, өткөн жылдын башында Ош шаарындагы тергөө абагына которулган. Ал уюлдук телефондорду абакка кантип алып кирип жүргөнү азырынча белгисиз, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин Ош ШИИБинен өткөн жылы абакта жазасын өтөп жатып, бир нече адамды уюлдук телефон аркылуу алдап жүргөн Мухаметали Абдивапов аттуу адамдын кармалганы тууралуу билдиришкен.