Валентина Шевченко UFC'деги жаңы салмак категориясына өткөн соң, ал жакта дароо эле 1-орунду ээледи

Валентина Шевченко UFC'нин жаңыланган рейтингинде жаңы салмак категорияда биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, Валентина Шевченко Бразилиянын Белем шаарында өткөн мелдеште Присцилла Качоейраны жеңип алган соң дароо эле 57 килограмм салмак ченинде 1-орунга көтөрүлдү.

Аталган рейтингде 2-орунда америкалык Сижара Юбенкс, 3-орунда америкалык Лорен Мерфи, 4-орунда америкалык Алексис Девис жана 5-орунда америкалык Роксанн Модаффри жайгашты. Ал эми бул салмак категориянын чемпиондук курун америкалык Никко Монтано багындырган.

Айта кетсек, бул рейтинг 3-февралда Бразилиянын Белем шаарында өткөн UFC Fight Night 125 мелдешинин жыйынтыгында жаңыланган. Бул мелдеште Кыргыздан чыккан Валентина Шевченко катышкан. Ал бразилиялык Присцила Качоейра менен кез келип, муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Эске салсак, Валентина Шевченко буга чейин 61 килограмм салмак ченинде 1-орунду ээлеп келген. Шевченко салмак категориясын алмаштырган соң анын ордун Холли Холм ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2018-02-08 14:32:42
Эми курду ал жердеш!
+4
maku88
2018-02-08 14:32:52
Сары кыз байкуштарды бирден ылдыйга тушурптур да
+2
Isco23
2018-02-08 14:34:28
Монтано мн урушса эми. Чемпион болот буйруса
0
Batma08
2018-02-08 15:41:43
Бул кийин турмушка чыгып бала тороп баланы эмизип карашын эч элестеталбайм
0
Isco23
2018-02-08 16:05:57
Batma08,болду уже планы жлк булардын бала торогонго. Уже болбойт дагы прям айтканда маткасы катып калган
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан