Бүгүн, 8-февраль күнү саат 10:00дөр чамасында Лейлек районундагы Максат-Кулунду жолуна салынып жаткан көпүрөнү Тажик аскерлери тосуп алышканын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Бул көпүрө жергиликтүү бийлик тарабынан курулуп жаткан. Бүгүн Тажикстандын чек арачылары келип, бир саамга тосуп турушту. Учурда абал туруктуу, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.
Буга чейин окурман "Лейлекте Тажик аскерлери көпүрөнү тосуп, 2 сааттай кыргыз тараптын унааларын өткөрбөй жатышты" деп "Элдик кабарга" билдирген болчу.