Күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна даярданууда

Күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын балбандары Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командалары Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы машыгуусун 30-январдан 10-февралга чейин Казакстандын Тараз шаарында өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйындарына ага машыктыруучу Азат Эркимбаев 8 спортчуну чакырган. Алардын ичинде Калы Сулайманов, Роман Царев, Самат Шырдаков, Үзүр Жусупбеков жана башкалар.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын 12-24-февраль аралыгында Казакстандын Тараз шаарында өткөрөт. Башкы машыктыруучу Русланбек Мажинов машыгууга 10 спортчуну чакырган. Алардын ичинде Улукбек Жолдошбеков, Эламан Догдурбек уулу, Айбек Усупов жана башкалар.

Кыз-келиндер арасындагы Кыргыз курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын 4-27-февраль аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков машыгууга 14 спортчу чакырган. Алардын ичинде Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Саяна Байызова жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан