Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "түрмөдө жатып, карапайым тургундарды алдап жүргөн" деп шектелген жаранды кармашкан. Ал 7 адамга "жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды" деп телефон чалып, ар биринен 50 миң сомдон 150 миң сомго чейин акча алган.
Кылмышка шектүү катары 1981-жылы Ноокат районунда туулган Мухаметали Абдивапов кармалган. Ал буга чейин алдамчылык боюнча бир канча жолу соттолгон.
Анын айтымында, акыркы жолу 2012-жылы 9 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан. Сурак учурунда түрмөнүн ичинде отуруп алып, элди алдап акчасын алып жүргөндүгүнүн себебин мындайча түшүндүргөн.
"Мени Бишкекте бир телефон үчүн отургузду. Эми мени болгону жыйынтык үчүн камашты да. Ошого өчөшүп атайылап кылып жатам. Кыргыз өлкөсүндө адилеттүүлүк жок, бир телефонго 9 жыл, адам өлтүрүүгө 8 жыл берип жатат. Эки кылмыштын ортосунда айырма бар да. Анан мен түрмөдө отуруп алып, өчөшүп элди телефон менен алдап өнөрүмдү көрсөтүп жатам. Мен үчүн канча карапайым адамдар жабыр тартып жатышат. Кыргыз калкы ишенчээк келет "мен балаңмын, бирөөнү машина менен сүзүп өлтүрүп алдым" десең эне экен да, баласы үчүн акчаны жеткирип берет", - дейт Мухаметали Абдивапов.