Чүйдө пенсионер аялдын ири суммадагы акчасын уурдаган деген шек менен 43 жаштагы тургун кармалды

Чүй районунда пенсионер аялдын ири суммадагы акчасын уурдоого шектүү жаран кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, 7-февралда Чүй РИИБине 79 жаштагы аял кайрылып, 5-февраль күнү белгисиз адам үйүнөн 40 миң сом акчасын уурдап кеткендигин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучунун арызынын негизинде кылмыш иши ачылып, милиция тарабынан шектүү катары Ысык-Көл облусунун 43 жаштагы П.А. аттуу тургуну кармалды. Шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан