ЖМК Неймардын Инстаграмдагы жарыясынын баасын жазууда. Бир жарнактын акысы Бишкектеги эң мыкты 2 пентхаустан кымбат

Франциянын Le Figaro гезитинин "Banklife" компаниясы жүргүзгөн изилдөөсүнө таянып жазган маалыматына караганда, футболчу Неймар Инстаграмдагы бир жарыясы үчүн 459 миң евро алат. Элестүү айтканда, сиз жеке баракчаңызга бир жарнамалык билдирүү жазып, Бишкектеги эң кымбат 2 пентхаустун акчасынан да көп каражаттуу болуп каласыз.

“ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймар жакында эле "Replay" брендинин кийимин жарнамалаганы үчүн ири суммадагы каражатты алганы жазылууда чет элдик маалымат булактарында. 26 жаштагы футболчунун Инстаграмдагы баракчасына катталгандар 88 миллионду түзсө, Фейсбуктагы досторунун саны 60 миллионго жетет.

Неймардын "ПСЖ" клубундагы айлыгы айына 3 миллион еврону түзөт.

Неймар Франциянын биринчилиги Лига-1де 18 гол киргизип, 12 жолу голдук топ ашырып берген. Учурда “ПСЖ” клубу Франциянын чемпиондугунда 24 оюн өткөрүп, 62 упай менен сап башында келе жатат.

"ПСЖ" 15-февраль күнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алкагында “Реал Мадрид” менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2018-02-09 15:50:43
Буйруса ПСЖ утат Реалды
-8
Alibay
2018-02-09 15:51:19
Бир жарнамана мага бир уй алып берчи Неймар(((Кыйналдым го уй ала албай.
+34
al-abu-kinesz
2018-02-09 16:30:58
Апенди баласын "Футболдон башка ишин жок, эмне сабак окубайсын?" деп урушуп атса твдан футболисттердин айлыгы тууралуу корсотуу болуп атыптыр. Анан "Эмне сабак окуп атасын тур футбол ойно" деп урушат имиш.. Футболист эле болсом болмок экен :)
+23
Magusi
2018-02-10 01:12:13
al-abu-kinesz,жыгасынгооо
0
BBB88
2018-02-09 16:49:54
Реал алга... 2018 реал чемпион.
+5
Beknur10
2018-02-09 21:34:39
BBB88,учат алыстарга быйл бир да трофей ута албайт
-1
Krai
2018-02-09 21:16:47
Атангору Неймар ошончо акчаны эмне кылып атат болду экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан