Кызыл-Кыяда 1-класста окуган кыз дөңгөлөк алдында калып каза болду

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 1-класста окуган кыз дөңгөлөк алдында калып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, окуя кечээ, 8-февралда саат 13:30 чамасында болгон.

"Кызыл-Кыя шаарынын 69 жаштагы тургуну Hyundai Starex үлгүсүндөгү унаасы менен аталган шаардын Кара-Козу кичи районунда турган тууганынын үйүнө барган. Ал унаасын токтотуп коюп, өзү тууганы менен сүйлөшүп турган. Ошол учурда унаасы жүрүп кетип, тууганынын машинанын жанында ойноп жаткан 1-класста окуган кызын тебелеп кеткен. Ал кыз ошол жерден каза болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда, окуучу кызды тебелеп кеткен унаанын ээси Ш.Манас аттуу 69 жаштагы адам окуучуларды мектептен үйлөрүнө жеткирип иштеп жүргөн. Кырсык болгон күнү каза болгон кызды унаасы менен алып барып, үйүнүн жанына түшүргөн. Бирок унаасынын эшиги автоматтык түрдө жабылганда кыздын кийими кыпчылып калган. Аны байкабаган айдоочу унаасын айдап жөнөгөндө, кыз дөңгөлөк алдында калып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
NURTILEK_KG
2018-02-09 14:20:36
Ата энесине конул айтам.кандай гана жаш кыз кудайым бейиштен орун бере корсун.
+6
OMURBEK.
2018-02-09 14:31:14
Ата энесине сабыр куч кубат жакшы адамды ажал да жакшы корот экен деп койот
Тооба кызыл кыяда кара козуга ото жакында жашайм укбаптырмын
+3
azamat85
2018-02-09 15:04:18
OMURBEK., кече туштон кийин болуптур
0
talant87
2018-02-09 14:39:31
Старекстин эшиги озу жабылбаса керек менин билишимче стептин эшиги жабыла афтамат
0
Azatbek83
2018-02-09 15:37:30
talant87,Жаны болсо автомат эски болсо ручной жабылат окшойт да.
0
Azatbek83
2018-02-09 15:39:07
talant87,Жаны болсо автомат эски болсо ручной жабылат окшойт да.
0
Batma08
2018-02-09 14:53:19
Жакындарына Терен кайгыруу менен конул айтам кудайым сабыр берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан