Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Антон Землянухин казакстандык "Атырау" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футболчулар ассоциациясы билдирет.
Маалыматка караганда, Антон Землянухин казакстандык клуб менен келишим түзүп, 7-катар номеринде оюн жүргүзөт.
Айта кетсек, 28 жаштагы Антон Землянухин буга чейин канттык "Абдыш-Ата", Казакстандын "Ак-Төбө", "Кайрат" сыяктуу командаларында ойноп келген. Ошондой эле Сербия жана Таиланд чемпиондуктарында ойногон.