Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан уурулук жана тоноочулук менен алектенген топ кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июнь күнү саат 15:00 чамасында 18-22 жаштагы 3 бала Көк-Жар конушунун тургуну У.Н. аттуу жаранды коркутушуп, кол сумкасын тартып алышкан. Ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Аламүдүн районунун Восток айылында жайгашкан дүкөнгө бет капчан балдар кирип, сатуучуну курал менен коркутуп, акчаларын тоноп кетишкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө 8-июнда жогорудагы “тоноого шектүү” делип Бишкек шаарынын тургундары 16 жашар Камил Д., 24 жашар Элдияр А., 17 жашар Темирлан Э. жана 19 жашар Андрей Н. кармалды. Учурда кармалгандар күнөөлөрүн моюнга алышканы жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.