Бүгүн, 9-февралда Түштүк Кореядагы Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Иш-чара Кыргыз жериндеги убакыт боюнча саат 17:00дө башталат.
Олимпиаданын ачылышы жарым сааттан кийин башталарына карабай, мелдеш 2 күндөн бери уланууда. Кечээ, 8-февралда спорттун кёрлинг жана трамплинден секирүү (лыжа менен бийиктиктен секирүү) түрлөрү боюнча мелдештер старт алган. Ал эми бүгүн, 9-февралда кёрлинг, фристайл жана муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештер өтүүдө.
18:52 Сахнага Олимпиаданын желегин көтөрүп чыгышты.
18:45 Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Кышкы Олимпиада оюндары ачылды деп жарыялады.
18:35 Томас Бах өз сөзүндө корей тилинде учурашканы үчүн, дүркүрөгөн кол чабууларга туш болду.
18:32 Эл аралык олимпиадалык комитетинин башчысы Томос Бах сахнага чыгып, азыр расмий түрдө Олимпиада-2018 оюндарын ачат.
18:30 Лазер-шоу салют менен жыйынтыкталды.
18:27 Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын спортчулары бир туунун алдында чыгышты.
18:15 Кыргыз курама командасы сахнага чыкты. Кыргыз туусун Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыкты. Кыргыз өлкөсүнүн делегациясында 2 спортчу, 2 машыктыруучу жана Кыргыз Республикасынын олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү чыгышты.
18:10 Того өлкөсүнүн жылаңачтанган спортчусу мекенинин туусун желбиретип өттү.
18:03 Сахнада Ямайка курама командасы. Спортчулар параддан абдан шаңдуу бийлеп өтүштү.
18:02 Израиль курама командасынын чыгуусу. Желекти Украинадан чыккан спортчу көтөрүп бара жатат.
18:00 Орусиядан кийин сахнага Украина курамасы чыкты, алардын желегин биатлончу Елена Пидгрушная көтөрүп чыкты.
17:57 Орусия курама командасы стадионго чыгышты. Орусиянын спортчулары улуттук символикасыз, Эл аралык олимпиадалык комитеттин желегинин алдында чыгышты.
17:55 Испания, Словения, Словакия курама командалары стадионго чыгышты.
17:44 Кышкы Олимпиаданын 3 жолку чемпиону Дарио Колония сахнага Швейцария курама командасын чыгарды.
17:39 Стадионго Олимпиаданын алдыңкы фаворити АКШ курама командасы чыкты. Бул Олимпиадада АКШ курама командасы эң көп спортчу менен көрсөтүлгөн.
17:35 Малайзия курама командасы дагы Кыргыз өлкөсүндөй болуп 2 спортчу менен катышат. Малайзия Кышкы Олимпиада оюндарында алгачкы жолу катышууда.
17:32 Грециядан кийин Гананын спортчулары чыгышты.
17:27 Алгачкылардан болуп Греция курама командасы желегин көтөрүп параддан өттү.
17:25 Түштүк Кореянын гимни жаңырып, бир аздан кийин спортчулар желегин көтөрүп параддан өтүшөт.
17:20 Ачылыш аземинде өтүп жаткан шоунун кийинки эпизоду Түштүк Кореянын желегине арналган.
17:10 Сахнага ак жолборс чыкты, бул жаныбарлар Түштүк Кореянын маданияты менен тыгыз байланышта. Ак жолборс Кореяда ишенимдин, күчтүн жана коргоонун белгиси болуп эсептелет.
17:00 Ачылыш аземи башталды. Түштүк Корея эмне менен таң калтырарын көрөбүз.
16:00 Олимпиада отунун эстафетасына белгилүү кытайлык актёр Жеки Чан катышты.
Кышкы Олимпиада оюндарында 92 мамлекеттен 2 жарым миңден ашуун спортчу 102 медалдар топтому үчүн күч сынашат.
Кыргыз өлкөсү бул мелдеште 2 спортчу менен көрсөтүлөт. Тариэл Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Евгений Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынашат. Олимпиаданын ачылыш аземинде Кыргыз туусун Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат.
Мелдештин ачылыш аземи 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Пйоңчаң олимпиадалык стадионунда орун алат. Уюштуруучулар Олимпиаданын ачылыш аземинде мыкты шоуну көрсөтүүгө убада кылууда.