Ошто 6-класстагы баласынын өлүмүнө айыпталып жаткан 46 жаштагы адам бошотулуп, ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылды.
Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат кызматтын билдирүүсүнө ылайык, мындай чечимди 2-февралда Ош шаардык соту кабыл алган.
“46 жаштагы Ю.К. 101-берене (байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен баласынын өлүмүнө айыпталып жаткан. Бирок жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ю.М. (апасы) айыпталып жаткан Ю.К.га (атасы) эч кандай арыз-доосу жок экендигин айтып, тосмо арыз жазып берген, ага прокурор дагы каршы эместигин билдирген. Буга байланыштуу айыпталуучу сот тарабынан бошотулуп, иши кыскартылган”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 29-ноябрда Ош шаарында 6-класста окуган баланын жансыз денеси үйүнөн табылган. Кийин анын өлүмүнө шектелип 46 жаштагы атасы кармалган.