Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Виктор Майер Германиянын регионалдык лигасында ойногон “Виденбрюк” командасы менен келишимин узартты. Жаңы келишим 2021-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйылкы сезондо Майер “Виденбрюктун” катарында 17 оюн өткөрүп, 7 гол киргизген жана 5 жолу голдук топ ашырып берген.
“Виденбрюк” учурда 19 оюндан кийин 31 упай топтоп, сап башындагы “Виктория Кёльн” менен “Юрдинген 05тен” 8 упай артта баратат.