"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло байгеден кол жууган Изат Артыков Азия оюндарына катышат

Оор атлетчи Изат Артыков быйыл Индонезияда өтчү Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге спортчу өзү билдирди.

Анын айтымында, Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин өтсө, эл аралык олимпиадалык комитетинин аны ири мелдештерге катышуудан ажыраткан 2 жылдык мөөнөтү 9-августта аягына чыкмакчы.

"Азия оюндарына катышам. Эл аралык олимпиадалык комитетинин менин ири мелдештерге катышуудан ажыраткан 2 жылдык мөөнөтү оюн башталганга чейин аягына чыгат. Азыр өз алдынча машыгып жатам", - деди спортчу.

Белгилей кетсек, Изат Артыков Бразилияда өткөн "Рио-де-Жанейро-2016" жайкы Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынап коло медаль жеңип алган. Бирок 8 күн өткөн соң ал допинг колдонгон деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилген. Эл аралык олимпиадалык комитет Изат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ziash85
2018-02-10 11:20:51
Алга!
+2
TalaCSKA
2018-02-10 11:47:57
Олимпиада ойундарын байкот кылып катышпай эле койуш керек.хаккерлер Олимпийский комитеттин антидопингвый комитеттин кылыктарын жазып жатышат.карасан почти баардык Олимпийский чемпиондор допинг колдонот экен бирок анти допинг комитеттин уруксаты менен. терапевтический лечение деп койуп эле колдоно беришет экен. Кыргызстан эптеп бир бронза алса да коро алышпайт.лучше кочмондор ойунун онуктуруп озубуз адилеттуу баардыгына бирдей мамиле кылып башкарсак жакшы болот эле.
+1
nishantashmativa
2018-02-10 13:33:56
Алга Изат Артыков сизге ишенебиз..Алтын утуп келиңиз .Аллахым озу колдосун
+3
ekaterinburg
2018-02-10 18:04:39
Кайра коло медальды алды деп жазышты беле бир жолу?Же адашып атамбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан