Кара-Балта шаарында 29 жаштагы жаранга ок атылды. Кырсык кечээ, 9-февраль күнү болгонун SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан тастыкташты. Маалым болгондой, травматикалык тапанчанын огу ал адамдын башына тийген.
"Травматикалык тапанчадан жаракат алган жаран учурда Кара-Балта шаарындагы ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык. Аталган факт боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти ОИИББден.
Айрым маалыматтарга караганда, ал жаракат алгандан кийин ооруканага унаасын айдап өзү келген.