Кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков Орусияда өткөн мелдеште атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды

Кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков Орусияда өткөн бокс боюнча "Кайра жаралуу 9" ("Возрождение 9") мелдешинде атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Санкт-Петербург шаарында 10-февралда өткөн мелдеште 57 килограмм салмак ченинде Өмүрбек Малабеков орусиялык Александр Салтыков менен кез келген. Беттеш учурунда Кыргыз мушкери атаандашына соккуга мүмкүнчүлүк бербей, 2-раундда орусиялык спортчуну техникалык нокаут менен жеңип алды.

Эске салсак, Өмүрбек Малабеков өлкөнүн 7 жолку чемпиону, 2013-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган. 2015-жылы “Украин атамандары” командасы менен Дүйнөлүк бокс сериясында эки беттеш өткөргөн. 2017-жылы Малабеков Эстонияда профессионалдык рингдеги алгачкы беттешин өткөрүп беларустук спортчуну жеңип алган.

Мушкер Өмүрбек Малабеков атаандашын нокаут менен жеңип алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursultan.nurik
2018-02-11 11:16:45
Кореядагы кышкы олимп не болду ' супер кж маалымат берип турсаныздар сонун болмок " ким алдыда ким артта ' кандай озгочолуктор кокустуктар болду дегендей " алдын ала рахмаат ☺
+4
matilla
2018-02-11 12:41:38
Nursultan.nurik, кышкы олимпиада оюндарыны бизге кызыксыз. 2 спортчубуз кеткен, алардан умут кылбай эле кой.
-7
Nursultan.nurik
2018-02-11 13:42:26
matilla,умутсуз шайтанга кана таандык касиет
+3
a.sheralievic.91
2018-02-11 18:55:51
Азамат!!!КЫРГЫЗ деген ким экенин корсотуптур
0
Royal55
2018-02-11 22:39:19
Азамат.Башка жактан да ушинтип таанылып турсак жакшы коп коп ийгиликтерге жетишип.Ансызда алым сабак айтыштардан чарчадык.Бири суйлосо кийинкиси келээрки санына чыккандардан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан