UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедов белгилүү футболчу Криштиану Роналду менен жолугушту. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Испаниянын Мадрид шаарында белгилүү португалиялык футболчу Криштиану Роналду менен 11-февралда жолугушуп, бири-бирине белек тартуулашты. Орусиялык мушкер тебетей белек кылса, португалиялык футболчу белекке топ жана өзүнүн футболкасын берди.
Хабиб Нурмагомедов жарыялаган видеодо Хабиб "Ассаламу-алейкум" деп учурашкан соң, Криштиану дагы "Ассаламу-алейкум" деп саламдашты.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Криштиану Роналду менен социалдык баракча аркылуу таанышып, бири-бири менен сүйлөшүп, байланышып жүрүшкөнүн жазып келген.