Орусияда учак кулап, ичиндеги 71 адамдын баары каза болду. Арасында Кыргыз жарандары жок

Бүгүн, 11-февралда Москвадан Оренбург облусуна сапар алган учак кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, учактын ичиндеги 71 адамдын баары каза болду. Алардын 65и жүргүнчүлөр, калган алтоосу экипаж мүчөлөрү болушкан.

"Учурда мамлекеттер аралык авиация комитети авиакырсыктын себебин иликтөө боюнча комиссия түзүп, адистер иш алып барууда. Ал эми кырсыкка кабылган АН-148 учагынын пилоту болгон Валерий Губанов буга чейин 5 миң саат учкан тажрыйбалуу адис болгонун "Саратов авиалиниялары" компаниясынын жетекчиси билдирди. Эртең, 12-февраль күнү Оренбург шаарында аза күтүү болот. Ошондой эле учактын техникалык абалы жакшы болгонун, ал 2010-жылы чыкканы маалым болду. Учактын кулап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Кырсыктын себептери иликтенүүдө", - деп жазышат басылмалар.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок.

71 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себеби тактала элек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Asman...
2018-02-11 22:51:07
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Жаман болуптур. Аллах сактасын бөөдө кырсыктан.
+22
evidens
2018-02-11 22:53:31
Кудай сактасын кудайга шугур дегеле кыргыз бир боорлорубузду Аллах сактасын.,каерле болбосун чет жерде талаалап тирилик деп жургон кыргыз бир боорлорубуз эсен аман ата энесинин ,бала бакырасынын жанына барып бактылуу жашашсын.
+22
Sagyn.91
2018-02-12 03:14:38
evidens,
Оз элибизде, жерибизде, жакындарыбыздын жанында олууну Аллахым насип кылган болсун.

+8
Sultana17
2018-02-11 22:54:04
Жайлары жаннаттан болсун жакындарына сабыр канаат
+6
Timonbay
2018-02-11 23:45:20
Жаман болуптур. А биздин самолеттор канчанчы жылы чыгарылган экен е кызык?!
+6
jumaev0084
2018-02-12 02:38:37
Timonbay,бизде самалёт чыкчы беле биздики да убакыты жетсе керек.кудай сактасын аман эсен екенибизге барып келип туралы
+4
mir_said87
2018-02-12 08:12:17
биздеги самолётор союз маалында чыкан али коп жылдар учат
+5
aerforce
2018-02-12 00:11:02
кудай сакта аябай жаман иш болуптур
+4
Baktiiar1995
2018-02-12 00:40:01
Баары жараткандын колунда. Э жараткан бизди өзүң сакта. Баарына өзүң сабыр бер.
+7
Targarien
2018-02-12 02:05:58
Байкуштар ай уйуно жетпей калды аллахым жайын жаннаттан кылсын
+5
Batma08
2018-02-12 02:27:48
Кудай сакта
+2
Sagyn.91
2018-02-12 02:45:28
Эхх. Окунучтуу.
Биринчи ушул Кабарды укканда Москва- Ош экен деди эле, озумду коерго жай таппай калдым эле. Акыры бул жака чыгып санаам тынчыды.

Эхх байкуштар, учак кулаарын билишсе кана, кырсык каш кабактын ортосунда экен да. Абдан окунучтуу(((
+11
AriAdi
2018-02-12 03:36:29
Бизге катаган самалетордон да коркосун Кыргызстандан келип эле кайра учуп кетет арендага алып дем алдырбай минишеби
+13
Totyua.71.
2018-02-12 06:40:45
Кандай болгон кундо дагы ,кимдигине
карабай жаман болуптур,бейишин берсин...
+6
Baktikan
2018-02-12 08:05:37
Baardigi allahtin kolunda~eger alam dese janisina eskisine ~jashina karisina karabait
0
salman-dastan
2018-02-12 09:27:28
Аллах озу сактасын кырсыктан.каза болгондордун жакындарына сабыр берсин.
Анан бизде да самолет кулабады беле.кийин анын эмнеден улам кулаганын же Черный ящик табылды дединер эле анан болду?тоесть эмне деген жыйынтык чыкты эле?
0
admin_superstan
2018-02-12 09:37:13
salman-dastan, саламатсызбы! Ушул шилтемеден кененирээк окусаңыз болот. https://www.super.kg/kabar/news/216087/
0
Sharipa-asia
2018-02-12 09:50:42
Кудай сактасын, мындай суук кабардын бетин ары кылсын!Жакындарына кудай сабыр берсин!
+3
jbolotov
2018-02-12 09:59:13
Дуйно боюнча миндеген Боинг Аирбас самолеттору тынбай учат, ушул Россиянын саналуу эле АН, Ту самолеттору авария болгонун коп окуйбуз. Жигулисине окшоп бузулуп калат окшойт. Бирок баары Аллахтын каалоосу менен болот.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан