Ысык-Көл облусунда эки коттедж өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Булан-Сөгөтү айылындагы "Фламинго" пансионатында 120 чарчы метр коттедж толугу менен күйүп кеткен. Өрт 10-февраль күнү саат 15:26да башталып, 23:20да өчүрүлгөн. Кырсыктан ошол жердин кароолчусу 1977-жылы туулган А.В.Д аттуу жаран каза болгон.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо иштери жүрүүдө.