Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды

Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-февралга караган түнү болгон.

"Талас районунун Кара-Ой айылында Nissan Cefiro жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшкөн. Натыйжада Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаанын 32 жаштагы айдоочусу каза болуп, 2 жүргүнчүсү жаракат алган. Ал эми Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын 2 жүргүнчүсү да жаракат алган. Жаракат алгандар Талас облустук ооруканасына жаткырылды. Ал эми каза болгон айдоочу ошол эле оорукананын өлүкканасына жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
toktor89
2018-02-12 11:08:07
Жол кырсыгы кобойду.
Абайлагыла туугандар.
0
umar.kgz
2018-02-12 11:36:07
жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан