Бүгүн, 12-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 6 түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Анда сноуборд боюнча мелдеште америкалык спортчу жеңишке жетип, курама командасы үчүн 2-алтын медалды алып келди.
Кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште жалпы 26 спортчу катышкан. Мелдештин жыйынтыгында америкалык Жейми Андерсон 83 упай топтоп алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 76,3 упайга ээ болгон канадалык Лаура Блуйн болсо, 3-орунду 75,3 упай менен финляндиялык Энни Рукаярви ээледи.
Жалпы командалык эсепте азыркы учурда: Германия курама командасы 3 алтын жана 1 коло медаль жеңип алып алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен жайгашкан. 3-орунда 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалдын ээси АКШ курама командасы жайгашкан.