SUPER.KG`нин Түз эфиринде 14-февраль күнү саат 15:00дө белгилүү актёр Марат Алышпаев, стилист Замира Молдошева жана актёр Жеңишбек Майрамбек уулу түгөйлөрү менен конокто болушат

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата коноктору көпчүлүктү суктандырган белгилүү түгөйлөр болмокчу.

"Президент жана бомж" тасмасында президенттин образын мыкты аткарган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев жана жубайы, белгилүү ырчы Дилбар Раимбекова менен биргеликте сүйүү таржымалы тууралуу маек курушат.

"Дилбардын артынан аябай чуркадым. Менден 21 жаш кичүү селкини макул кылдыруу оңойго турган жок. Бирок кыздарды сүйдүрүү жагынан тажрыйбам мол эле. Дилбар каршылык көргөзө алган жок. Учурда чогуу өмүр сүргөнүбүзгө 20 жыл болду, ортобузда 2 кызыбыз бар", - дейт актёр.

Андан соң дагы бир көпчүлүктү суктандырган түгөйлөр, өлкөдөгү белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева жана жолдошу Моңолдор мырза конокко келишет. Жакында эле көптөн күткөн кызы Саадага тушоо той берип, чоң той өткөргөн үлгүлүү үй-бүлө да көрүүчүлөр кызыккан суроолорго жооп берүүгө даяр.

Ошондой эле "Тамашоу" аркылуу таанылып, "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры", "Бир тууганчик", "Айыл Кэмп" тасмаларында роль жараткан жаш актёр Жеңиш Майрамбек уулу жубайы Нурайым менен бирге Түз эфирдин дагы бир таттуу түгөйлөрүнүн катарын толукташат.

Жогоруда аталган түгөйлөргө арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Коноктор 14-февраль күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admin_superstan
2018-02-12 16:12:00
-LEGENDA-, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
-5
gulam
2018-02-12 17:31:30
Жыргалго Озундон 21жаш кучуу кызга уйлонгон. Эркектерге жакшы, аялын картайып калса, жаш катын алып тошокту жаныртып аласын.
+15
Elitta
2018-02-13 21:35:24
gulam,Жаш кыз тийсе аласынарбы? Бактылуулук тошок жаныртышта эмес,бактылуулук туболук 1.семьянын атаэнеси болууда,тошок жаныртып жаш кыз аламын деп эле балдарынды аржерге таштап кетебересинби?
-4
Muziguli150720
2018-02-13 02:47:15
Супер инфо Данияр Эрматовту чакыргылачы!!!
-12
admin_superstan
2018-02-13 10:35:17
Muziguli150720, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-7
adii
2018-02-14 09:56:31
Мага саны жоон кыздар жагат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан