Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан ХХIII Кышкы Олимпиада оюндарынын муз үстүндө бийлөө боюнча командалык мелдеши жыйынтыкталды.
Мелдештин алтын мөөрөйүн Канада мамлекети жеңди. Күмүш байгеге Олимпиаданын желегинин астында чыккан Орусиянын спортчулары ээ болсо, үчүнчү орунду АКШнын спортчулары жеңди.
Командалык мелдештин жыйынтыгы:
1. Канада – 73 (8+10+8+8+9+10+10)
2. ЭОК Орусия – 66 (3+9+10+10+10+8+8)
3. АКШ – 62 (7+8+6+9+7+7+9)
4. Италия – 56 (6+7+9+7+4+9+7)
5. Япония – 50 (10+6+7+6+3+6+6)
6. Кытай — 18 (4+4+6+4)
7. Германия — 16 (2+3+8+3)
8. Израиль — 13 (9+1+2+1)
9. Түштүк Корея — 13 (5+5+1+2)
10. Франция — 13 (1+2+5+5).
Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндары 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт. Олимпиадалык оюндарды ачылышы салтанаттуу өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн барган делегация өлкөнүн желегин көтөрүп чыккан. Желекти спортчу Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгып, делегациянын ак калпакчан чыкканы көпчүлүктүн көңүлүн бурган.