Эстрада ырчысы, маданияттын мыкты кызматкери Гүланда бир нече убакыттан бери чыгармачылык тыныгууда жүрөт. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып, чыгармачылык тыныгуусу тууралуу кабар алганда, ал азыркы тапта жаш таланттарды тарбиялай турган ийримдерди ачкандыгын айтып берди.
"Учурда бийге шыгы бар, комузда кол ойноткусу келген жаш улан-кыздардын таланттарын ачуучу ийримдерди ачтым. Бул ишти баштоого биз жашаган райондо балдардын өсүүсү үчүн ийримдердин жоктугу себеп болду. Анан дагы жолдун узактыгынан шаарга барып келгенге баарында эле мүмкүнчүлүк жок. Башында жарнама илгем, каалоочулар көп экен. Кызыккан балдардын саны күн санап өсүп жаткандыктан ийрим ачтым", - деди ал.
Айта кетсек, буга чейин ырчы Гүланда балдар бакчасын ачып, иштетип келген.