Аламүдүн районунун Вторая Пятилетка айылындагы каналдан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында ӨКМнын куткаруучулары тарабынан Вторая Пятилетка айылындагы каналдан 50-60 жаштардагы азиат улутундагы адамдын сөөгү сууда жаткан жеринен сыртка чыгарылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган жарандын денесинде эч кандай жаракаттар байкалган эмес.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза болгон жарандын аты-жөнү такталып жатат.