УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин кызматкеринин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту 10-февралда карап аныктады. Ага ылайык, Закиров 8-апрелге чейин камакта кармалат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин УКМКдан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.