Алып баруучу Нурзат Токтосунова күйөөсү менен Египетте, Асел Турдалиева Кытайда эс алууда

Кыштын кыраан чилдесинде сууктан качып, ысык өлкөгө барып эс алуу белгилүүлөр арасында адаттагы көрүнүшкө айланды. Дегенибиз, алып баруучу Нурзат Токтосунова жана анын жолдошу, шоумен Максат Надырбеков жакын санаалаштары, окуучулары менен биргеликте Египет өлкөсүндө эс алышууда.

"Жолдошум экөөбүз саякатка чыгып келүүнү өткөн жылдын декабрь айында эле белгилегенбиз. Бирок жыл аягында иш-чаралар көп болуп убакыт таба албадык. Быйыл алпаруучуларды таптаган окуу борборубуздун 5 жылдык мааракесин Бишкектеги тойканалардын биринде белгиледик. Кечеде атайын сынак уюштуруп, жеңүүчүгө Египет өлкөсүнө барып эс алып келүүгө жолдомо тапшырган элек. Жеңүүчүнү жалгыз жибербей, команданын мүчөлөрү да чогуу келдик. Бул жакта аба ырайы ысык, таңдан кечке чейин суудан чыкпай, чабак уруп жүрөбүз", - деп сезимдери менен бөлүштү Токтосунова.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева саякаттоо үчүн ал өлкөдөгү аба ырайына маани бербегенин айтат. Дүйнөнүн 7 кереметинин бири болгон Кытай Эл Республикасында эс алып жүргөн ырчы айым бир ок менен эки коён атты өңдөнөт. Ал Кытайда билим алып жаткан кызына жолугуп, сагынычын таратуу менен бирге бул өлкөнүн туристтик аймактары менен да таанышып, жан дүйнө ырахатына бөлөнүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
BBB88
2018-02-12 19:48:57
Азаматсынар..
0
Azatbek83
2018-02-12 19:57:22
Асель Турдалиева кызы экообу Молодцы
+1
Mehazahn57
2018-02-12 20:04:15
Ошондой ыссык жерде, в джинсах и в чёрных легинсах?Азаматтар.
-3
sofia.1994
2018-02-12 23:30:35
Mehazahn57, силер ойлогончолук ыссык к эмес. Кыш кыштыгын кылат да баары бир. Кар жок бирок 20°ыссык. Сууга түшкөнгө суук го дейм азыр. Биз Египетте жашайбыз (,окуганча). Элдер пальто кийип жүрөт азыр. Тынбай шамал болуп турат
-1
ATLETICO
2018-02-13 00:57:27
sofia.1994, Диний фанат болуп, дин илимне эле чумкуп журо бербей дуйнолук илимдерин да окусанар, географияны кошуп. Булар Шарм шейхте журот, силер окусанар, демек Каирде жашайсынар. Шарим шейх каякта, Каир каякта?, картадан бир карап койсон жалкоолук кылбай. Шарим шейх Суадия жакта, Каирден 400-500 км алыста, кызыл-дениздин жеегинде, Египеттин туштук-чыгыш жагында. Каир батыш-тундук (жанылышпасам ушундай) жагында, жер ортолук дениз жакта, т.е европага жакын болгону учун Каир суук. Шарм шейх Сау
+1
ATLETICO
2018-02-13 01:05:26
ATLETICO, Сауд жакта болгону учун ыссык.
0
Jyluusuu1991
2018-02-12 21:03:02
Египетке барып эс алып келууго Канча каражат кетет болжол менен Ким билет?
+3
SERENADA.
2018-02-12 21:12:54
Бизге да насип этеер бекен Египет?)))
+5
SERENADA.
2018-02-12 21:13:38
Нурзат канчанчы жылкы? Куйоосучу? Билгендер айтып койгулачы народ???????
0
Rasul94
2018-02-12 22:39:58
SERENADA.,нурзат 83 эрин не знаю
+2
aishe
2018-02-12 22:52:54
Эри 89
+1
Aruwka.89
2018-02-13 00:15:17
Нурзат токтосунова молодец баарын оз мээнети мн кылып атат
Кыйын кундорду женди Эми Кудайым бала берсин,
0
Too-tash
2018-02-13 01:19:09
Мисалы катардагы жарандар баары кайда кантип эс алганын жоното берсе, сайттын кадыр-баркы калабы? Ансыз да айрым окурмандар аш-той откорсо, мактанып элдик кабар деп жонотушчу болду, канча адам кутуп алышканын, союшка эмне сойгондорунан бери сайрап... Ушул кантип болсун эми...
+2
admin_superstan
2018-02-13 11:46:54
Too-tash, Bek_abad, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Timonbay
2018-02-13 19:03:38
Менин да кошунам Алайга саяакаттаганы уй_булосу атасы апасы уул кыздары менен кетти. Кызык кайсыл сайт жазып чыгат экен бул жанылыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан