Баткен облусунда жеңил машина оодарылып кетип, үч адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-февраль күнү саат 14:00 чамасында Айгүл-Таш айыл аймагында катталып, жеңил унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган С.О. аттуу жаран баш-сөөгүнөн оор жаракат алып, мээси чайкалып Баткен райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 28 жаштагы А.А. жана 29 жаштагы Т.М. аттуу жарандар ошол эле оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Айта кетсек, кырсыкка кабылгандар Баткен районунун тургундары болушкан.