Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, эсине келбей чарчап калды

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач бул факты боюнча окурман "бала бакчада 2 жаштагы баланы сабап, ал ооруканада өзүнө келбей чарчап калды" деп кабарлады.

Кийин Ички иштер министрлигинен бул фактыны тастыктап, бирок алдын ала маалыматтар боюнча 2 жашар бала оорудан улам чарчап калган деп билдиришти.

"9-февралда Каракол шаарындагы бала бакчага 2 жаштагы баланы жакындары алып келишкен. Кийин саат 11:00дөр чамасында баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлогондо "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Ал ооруканада 1 күн эсине келбей жатып, 10-февралда саат 16:00дөр чамасында чарчап калган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча мурда балага суук тийип калган, ошол оорудан улам чарчап калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KRIMINAL
2018-02-12 14:35:27
Иии периште десе((((

Бир кокустук болгондо мурда суук өткөрүп алса бала ооруйт эле да бир күндө эле комага түшпөй.

Лично мен кыргызстандын экспертизасына ишенбейм! 6 айлап 1 жылдап экпертизаны күтсө жарытылуу эч нерсе чыгара алышпайт.
+7
Asyl.jazi
2018-02-12 14:36:49
KRIMINAL,алар 6 ай,1 жыл кайсы тарап кобуроок акча алып келет деп кутушот
+11
naziman
2018-02-12 14:43:42
Кыргызстанда акча берсен экспертизаны сен каалагандай чыгарып беришет

Кичинекей баланын жакындарына сабыр тилейм
+7
Adikoo2011.
2018-02-12 21:04:35
Балага суук отпогон просто урса керек бечара бала жаш бойдон кете берип тир да жашоого тойбой аттин ай жаман ичим атышты бугун жанылык окуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан