Футзал боюнча Португалия курама командасы Европа чемпиондугун жеңип алды

10-февралда Словениянын Любляна шаарында өткөн футзал боюнча Европа чемпиондугунда Португалия курамы Испания менен кез келип, жеңүүчү аталды.

Беттеш 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы голду португалиялыктар жаратты. Буга Испания курама командасы 19-мүнөттө Марк Тольранын голу менен жооп берип, 32-мүнөттө Линдин киргизген голу менен эсепти 1:2ге айлантты. Португалиялык футзалчылар 39-мүнөттө Бруну Коэльюнун голу менен эсепти тең кылса, Бруну Коэльюнун 50-мүнөттөгү голу командасын жеңишке алып келди.

Муну менен Португалия курама командасы Европа чемпиондугун алгачкы жолу багындырды. Буга чейин Португалия курамасы Европа чемпиондугунун финалында 1 жолу ойногон (2010-жылы). Анда алар Испания менен ойноп 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартышкан.

Ал эми Испания курама командасы буга чейин 7 жолу Европа чемпиондугун багындырган (1996, 2001, 2005, 2007, 2010, 2012, 2016-жылдары).

Айта кетсек, коло медалдын ээси Орусия курама командасы болду. Алар 3-орун үчүн таймашта Казакстан курама командасы менен кез келип, 1:0 эсеби менен жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
umar.kgz
2018-02-12 19:31:45
азаматсынар,,2016 дагы алдынар эле..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан