Акын, алып баруучу Мирлан Самыйкожо 3 баланын атасы болду. Акындын кызы 10-февралда жарыкка келди. Буга чейин бир уул жана бир кыздын атасы болгон акындын сүйүнүчү коюнуна батпай "кызым 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө кечки саат тогуз жарымда төрөлдү. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Азырынча ат коё элекпиз, ысымын үйдөгүлөр тандап жатышат" деди.
Эске салсак, Мирлан Самыйкожо 2005-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Ж.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон. "Жүрөккө түшкөн чагылган" ырлар жыйнагынын автору.