Ливандык жазуучу Имадеддин Раефтин Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу жазган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Китеп ливандык жазуучу Айтматов тууралуу биринчи эл аралык жазуучулар форумуна катышкандан кийин электрондук түрдө араб тилинде жарык көргөн. Бул китепте Араб дүйнөсүндө согуштан кийинки абалды Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу жакшыртуу тууралуу жазылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ливандык жазуучу Имадеддин Раефтин китеби "Манас дүйнөсүнө Чыңгыз Айтматов менен" деп аталат. Жазуучу алгач Бейрутта ливандык радиолордун биринде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган уктуруулардан баштаган. Анда жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө кенен айтылып турган. Ошону менен бирге эле "Манас дүйнөсүнө Чыңгыз Айтматов менен" аталыштагы китеби жарык көргөн.