"Эркиндиктин 50 кыры" тасмасы 1 суткада бюджетин актай алды

"Грей мырзанын 50 кыры" бестселлеринин уландысы болгон "Эркиндиктин 50 кыры" тасмасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлганына саналуу күндөр болгонуна карабай бир суткада чыгашасын актай алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар тасма жаратуучулардын берген маалыматына таянып жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, тасма биринчи көрсөтүү күнү эле 60 миллион долларды казынасына топтой алган.

"Чуу жараткан чыгарманын автору Эрика Леонардо Жеймс "Эркиндиктин 50 кыры" фильминде уяттуу эпизоддор аз болгону менен юмор, драма, романтика камтылган картиналары аркылуу көрүүчүлөрдү өзүнө тарта турганын айтып, “Эркиндиктин 50 кыры” менен аяктаган бестселлердин жалпы бюджети 55 миллион долларды чапчыганын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасы 570 миллион доллар, "Караңгылыктын 50 кыры" деп аталган экинчи бөлүгү 381 миллион доллар киреше топтой алган. Ал эми киноэксперттер "Эркиндиктин 50 кыры" менен аяктап жаткан фильмдин кирешеси жогорку сандарга жетет деген пикирлерин айтышууда.

Кошумчалай кетсек, 7-февраль күнү Бишкек шаарынын кинотеатрларынын биринде убагында чуу жараткан “Грей мырзанын 50 кыры” тасмасынын уландысы тар чөйрөгө көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali_Bolotbek
2018-02-12 17:32:58
Мени менен ким барып келет?))) Жакшы кино окшойт
0
zhaku2017
2018-02-12 18:26:32
Созсуз кором.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан