Кыргыз балбаны Иранда өткөн эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Ирандын Тебриз шаарында өткөн эркин күрөш боюнча "Takhti Cup" эл аралык мелдешинде Кыргыз балбаны Айбек Усупов коло медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдирди.

97 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Айбек Усупов жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Анда ал ирандык балбан Даниял Шариати менен кез келип 9:6 эсебинде жеңип алды. Муну менен Айбек Усупов "Takhti Cup" мелдешинде Кыргыз балбандардын арасында жалгыз медалдын ээси болду.

Айта кетсек, эркин күрөш боюнча "Takhti Cup" эл аралык мелдешинде Кыргыз курама командасы 10 балбан менен көрсөтүлгөн. Айбек Усуповдон тышкары коло медаль үчүн күрөшүүгө Мансур Сыргак уулу, Атай Изабеков жана Эрназар Акматалиев мүмкүнчүлүк алышкан. Алар көңүл жубатуучу этабында атаандаштарына жеңилип 5-орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан