Бишкекте волейбол боюнча Студенттик Лига старт алды

Бишкек шаарында волейбол боюнча Студенттик Лига старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.

Аталган мелдеште бишкектик 8 жогорку окуу жайдын 16 курама командасы катышууда. Анда 9 команда эркектер курамасы болсо, 9 команда кыз-келиндер курамасы.

Волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев: "Студенттик Лига алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Бул бишкектик командалар үчүн мартта старт ала турган Кыргыз өлкөсүнүн Универсиадасына даярданууга жардам берет", - деп айтты.

Командалардын тизмеси:

"А" тайпасы: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз улуттук агрардык университети.

"В" тайпасы: Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

1-турдун жыйынтыгы:

Кыргыз улуттук университет - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академия - 0:3.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети - Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети - 3:1

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - 3:0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nestana95
2018-02-12 18:50:31
КГУСТА
0
Farm94
2018-02-12 20:03:41
Кайсыл жерде болуп жатат айтып койунуздарчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан