Аксыда "кайнене менен келинди өлтүрүп, 26 жаштагы кызга оор жаракат келтирген" деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишти Аксы райондук соту 26-февралда карап баштайт.
"Бул иш тергелип бүтүп, Аксы райондук сотуна жиберилди. Соттолуучу А.Б.га Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган жана ага карата бөгөт коюу чарасы катарында камакка алуу түрү тандалган", - деп билдирди Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Маркэл Болотов.
Эске салсак, 2017-жылы 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты милициядан билдиришкен. Алардан тышкары кылмыш жасалган үйдө маркум аялдын 26 жаштагы кызы дагы оор абалда жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалым болгон.