Кыргызстанда 1415 мектеп окуучусу баскетбол менен машыгат. Мындай маалыматты 10-июнда КРнын Баскетбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Федерация машыктыруучулар жана алардын колунда машыккан окуучулар боюнча иликтөө жүргүзүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыккан:
Бишкек шаарында 5 машыктыруучудан 270 окуучу машыгат,
Чүй облусунда 2 машыктыруучудан 235 окуучу,
Ысык-Көл облусунда 3 машыктыруучудан 120 окуучу,
Жалал-Абад облусунда 2 машыктыруучудан 300 окуучу,
Нарын облусунда 3 машыктыруучудан 130 окуучу,
Баткен облусунда 2 машыктыруучудан 170 окуучу,
Ош облусунда бир нече машыктыруучудан 190 окуучу машыгат.