Белгилүү мушкер Рой Жонс 49 жашында карьерасын жыйынтыктады

Белгилүү АКШлык мушкер Рой Жонс профессионалдык карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 49 жаштагы Рой Жонс 8-февралда карьерасындагы акыркы беттешин өткөрдү. Пенсакола шаарында өткөн беттеште, Дүйнөлүк бокс союзунун чемпиондук куру үчүн Рой Жонс 30 жаштагы Скотт Сигмон менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен Рой Жонс чемпиондукту камсыздады. Беттештен соң Рой Жонс карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

Айта кетсек, бул жеңиш менен Рой Жонс 4 салмак категорияда (72, 76, 79, жана 90 килограммга чейинки салмак категориялары) чемпион аталды. Жалпы эсепте Рой Жонс 75 беттеш өткөргөн, анда 66 беттеште жеңишке жетип (анын 47си нокаут менен), 9 беттеште жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Скотт Сигмон үчүн бул беттеш карьерасында 43-болду. Ал 30 беттеште жеңишке жетип, 12 беттеште жеңилүү ызасын тартып, 1 беттеште атаандашы менен тең чыккан.

Рой Жонс vs Скотт Сигмон беттеши 08.02.2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан