"Каражаным", "Жагамбы?", "Ак куулар" аттуу ырлары менен элге таанылган ырчы Автандил заманга ылайык маани-маңызы алмашылып ырдалып келе жаткан акыйнек-айтыш ырын жаңылап аткарып чыгат.
"Кашың кана, карындаш? Каш ордунда татуаж" сыяктуу саптары бар ырдын тексти учурда иштелип жатканын айткан Автандил буларга токтолду: "Ыр негизи заман талабына ылайыкталып, кыздарга карата жазылды. Ылайыктуу кыз табылса дуэт аткарабыз", - дейт ырчы.
Айта кетсек, акыйнек-айтыш ырлары кыз-жигиттер ортосунда өз алдынча команда болуп бөлүнүп алып ырдалып келген.