Орто муун, улуу муун ырларын сүйүп уккан "Элес" тобунун түзүлгөнүнө 30 жыл болду. 90-жылдары популярдуу болуп, 2002-жылдан тарта тыныгуу ал ышкан топтун курамы өткөн жылдын жайында кайрадан иштеп башташкан. Учурда жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тартып жатышкан топ жакында аймактарга гастролго чыгышат.
Топтун жетекчиси Актан Исабаев: "Эски курамдан үчөөбүз барбыз, калганы жаңылар. Топтун түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл болду. 30 жылдыкты белгилеп жакында аймактарга гастролго чыгабыз, июндун башында борбордо чоң концерт берүү планыбызда бар", - дейт.
"Элес" тобу "Асел", "Ты мне нужна", "Туулган жерим", "Кайдасың", "Подари мне любовь" жана башка ырлары менен көпчүлүккө белгилүү.